«Капитал Банктын» экс-жетекчиси «Халык Банктын» башкармалыгынын төрагасынын орун басары болду
“Халык Банк Кыргызстан” ачык акционердик коому аткаруу органынын курамы өзгөргөнүн билдирди.
Тактап айтканда, директорлор кеңешинин чечими менен банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп ушул жылдын 1-ноябрынан тарта Нурдин Мусуралиев дайындалды.
Белгилей кетсек, буга чейин ал "Борбор Азиядагы Капитал Банкы" ААК башкармалыгынын төрагасынын кызматын аркалап келген. Ушул жылдын 1-ноябрында берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган. Ал бош орундагы милдетти аткарууга Замирбек Акунов киришти.