«Кыргызстандын мыкты банкы — 22»: «Компаньон Банкы» алдыда

9 января 2023, 12:30

Былтыркы жылдын аягында “Акчабар” каржы порталы “Кыргызстандын мыкты банкы – 2022” деп аталган элдик добуш берүүнү баштаган.

Учурда лидер "Компаньон Банкы" (11,3%) болууда. Добуштардын саны боюнча алдыңкы үчтүктө “Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН” ААКсы (9,6%) жана “Айыл Банк” ААКсы (8,1%) бар.

Эгерде сиз ишенген жана ишенимдүү деп эсептеген банк үчтүккө кирбесе, анда сиз дагы эле кырдаалды өзгөртүп, Кыргызстандын эң мыкты банкы наамын тандап алууга жардам бере аласыз.

Добуш берүү 15-январда жабылат, 18-январда анын жыйынтыгы чыгат.