Кыргызстанда көмүрдүн запасы жаңы жылга чейин жетет

13 октября 2022, 12:33

Кыргызстанда жаңы жылга чейин көмүрдүн запасы жетиштүү. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Ал белгилегендей, Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"400 миң тонна казак көмүрүн алуу пландалууда. Келишим ортомчуларсыз түзүлөт. Белгилеп кетким келет, Кыргыз Республикасында электр энергиясын өчүрүү күтүлбөйт", - деди энергетика министри.

Министр кара отунду кайсы баада сатып аларын айткан жок.