Жалал-Абадга кошумча каттамдар ачылды

22 августа 2022, 12:10

Ушул жылдын 19-августунан тарта Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча кошумча туруктуу каттамдар ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы каттамдарды "Тез Жет" авиакомпаниясы жума жана жекшемби күндөрү аткара баштады.

Эске салсак, буга чейин Жалал-Абад шаарына аба каттамдары күн сайын – жумасына жети жолу жүргүзүлчү. Бүгүнкү күндө анын саны тогузга жетти.