Бишкектен Түркстанга жаңы аба каттамы ачылат

7 мая 2021, 15:00

Казакстандын FlyArystan авиакомпаниясы Бишкек-Түркстан багыты боюнча жаңы каттам ачат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Эми Бишкектен Казакстандын негизги шаарларына - Алматы жана Нур-Султанга Түркстан аркылуу учууга болот.

Ушул жылдын 31-майында Түркстан - Бишкек - ​​Түркстан маршруту боюнча жаңы туруктуу каттамды ачуу пландаштырылууда.

Жүргүнчүлөрдү ташуу жумасына эки жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт. Учуунун узактыгы 1 саат 15 мүнөт болот.