Маалымат жана байланыш тармагында эмгек акы 27% га жогорулады

12 мая 2021, 14:00

Быйылкы жылдын январь-март айларында орточо эмгек акынын өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу электр энергиясы, газ, буу, курулуш менен камсыз кылган уюмдарды кошпогондо, иштин бардык түрлөрү боюнча ишканаларда жана уюмдарда байкалган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттегилер билдирди. 

Орточо айлык эмгек акынын кыйла жогорулашы маалымат жана байланыш, транспорттук иш жана товарларды сактоо, мейманкана жана ресторандар иши, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүк, тоо-кен казып алуу, кайра иштетүү тармактары, административдик жана көмөкчү иш чөйрөсүндө, дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо боюнча белгиленди.

Кыргызстанда орточо айлык 17 миң 966 сомду түзөт.