Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын акцияларынын эмиссиясы катталды

27 марта 2023, 09:49

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы эки компаниянын уюштуруучу чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрдү.

Атап айтканда, булар "Биринчи кредиттик бюро" ЖАК жана "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААК.

Эске салсак, акыркысы Кыргызстанда 2022-жылдын 25-июлунда катталган. "ГБР" АК уставдык капиталга мамлекеттин 100% катышуусу менен түзүлгөн. Жалгыз уюштуруучусу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду.