«Торугарт» өткөрмө бекетин модернизациялоо иштери аяктады

14 июля 2023, 10:05

Кыргызстан чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт” өткөрүү пунктун модернизациялоону аяктады. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 11-июлдан 13-июлга чейин аталган унаа өткөрүү пунктунун бажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштырууга жана материалдык-техникалык жактан жабдууга мониторинг жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы иш-чаралар толугу менен аткарылгандыгын көрсөттү.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча отчет мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнө жөнөтүлөт.

"Учурда ЕАЭБдин тышкы чек арасындагы Кыргызстандын иштеп жаткан 14 өткөрүү пунктунун 10ун модернизациялоо толугу менен аяктады", — деп айтылат маалыматта.