«Дастан» заводу Коргоо министрлигинин карамагына өттү

17 января 2024, 16:18

“Дастан” трансулуттук корпорациясы расмий түрдө Коргоо министрлигинин карамагына өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды. 

2024-жылдын 16-январынан баштап заводдун 98,46% акциясы Коргоо министрлигине таандык болду.  

Эске салсак, компания мурда Санариптик өнүктүрүү министрлигине карап келген.