«Дастан» заводу беларус лифттерин чогултуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

17 сентября 2021, 09:50

Кыргызстанда беларус лифттерин куроого мүмкүнчүлүк бар. Аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчиси Эрмек Ибраимов, "Дастан" ААКсынын жана беларустук "Могилевлифтмаш" компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусун Белорусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. 

Кыргыз делегациясы "Могилевлифтмаш" ААКтын өндүрүшү жана продукциясы менен таанышты, беларус ишканасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Тараптар "Дастан" ААКсынын базасында лифттерди чогултуучу заводду түзүү, ошондой эле Беларусиянын экспортун колдоо үчүн финансылык механизмдерди колдонуу менен Бишкекке лифттерди жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Маалым болгондой, Беларусь тарап Кыргызстандын сунуштарын кароого даяр экендигин билдирди.