Өзбекстан менен Германия 9 млрд евролук келишимге кол коюшту

4 мая 2023, 11:40

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Германияга сапарынын алкагында 9 млрд. евродон ашык эки тараптуу соода, инвестициялык жана технологиялык келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2-3-майда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Германиянын канцлери Олаф Шольц жана федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ошондой эле Германиянын алдыңкы компанияларынын жана банктарынын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууларда соода-экономикалык, инвестициялык жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине көңүл бурулуп, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары белгиленген. 

“Акыркы жылдары соода жүгүртүү жана биргелешкен долбоорлордун саны эки эсеге өстү. Өзбекстандын экономикасына германиялык инвестициянын көлөмү 5,5 млрд. еврону түзөт, анын ичинде 4 млрд. евро акыркы бир нече жылда тартылган”, - деп айтылат маалыматта.