Өзбекстан өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды

2 июня 2022, 11:30

Өзбекстан 1-июнда тарта күн карама менен пахта майын, мындан тышкары күн карама жана башка майы бар өсүмдүктөрүн уругун экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн кабыл алынды.

Белгилеп кетсек, 31-майда президент Шавкат Мирзиёев базарда баалардын туруктуулугун камсыздоо боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өкмөт аталган товарлар ички рынокто жетиштүү өлчөмдө болгон шартта экспорттук чектөөлөрдү алып коюуга укуктуу.