Тышкы иштер министрлигинин Оштогу имаратынын курулушуна 170 млн сомдон ашык каражат сарпталат

2 ноября 2021, 12:19

Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Ош шаарына административдик имарат курууга тендер жарыялады. Бул максаттарга 170 миллион сомдон ашык каражат жумшоо пландаштырылган.

Бирок тендерди карап чыккандан кийин Тышкы иштер министрлигинин элчилиги административдик имарат эмес, коомдук мончо курууну пландап жатат деген ой жаралат. Маселен, дубалды жасалгалоо үчүн буу тосмо катмарын колдонуу, ошондой эле чоюн ванналардын он комплектин орнотуу талабы бар.

Мындан тышкары имаратка 400 литрлик жабык типтеги полдук суу сактагыч электр жылыткычы жана кошумча аристон орнотулат.