Кыргызстандыктар электр энергиясын Европа өлкөлөрүнө караганда төрт эсе көп колдонушат

28 апреля 2021, 13:45

 

Кыргызстандыктар Европа өлкөлөрүнө караганда бир чарчы метрге электр энергиясын төрт эсе көп колдонушат. Бул тууралуу "Юнисон Групп" компаниялар альянсынын президенти Нурзат Абдрасулова энергетика тармагындагы учурдагы кырдаалга, тармакты реформалоого жана орто мөөнөттүү тарифтик саясатта күтүлүп жаткан жагдай боюнча тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, буга энергетикалык натыйжалуулукту эске албаган структуралар себеп болууда.

"Ошол эле үйлөрдү жылуулоо, суу жылытуу үчүн күн коллекторлорун орнотуу. Булар мамлекетке жардам бере турган өтө жөнөкөй чаралар. Азыр донордук коомчулук ушул багытта иш алып барууда. Бул багытты колдоо керек деп эсептейм", - деди ал.

Учурда калктын 78% ы үчүн электр энергиясынын тарифин 1 киловатт саатына 1,48 сом деп белгилөө сунушталып жатат. Ошол эле учурда, убактылуу чара катары, электр кубаты айына 1 миң киловатт-сааттан ашыкча сарпталган мезгилде 1 киловатт саатына 2,296 сом тарифин белгилөө сунушталууда.