«Дос-Кредобанктын» облигациялары 3 млн сомдон ашык баага сатылды

26 июля 2023, 09:49

Кечээ, 25-июлда Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Дос-Кредобанк” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен эки бүтүм катталды. Маалымат биржанын сайтында жайгаштырылган.

Биринчилик базардагы сооданын жыйынтыгында 3 миллион 63 миң сомго 3 миң 63 жашыл облигация сатылды. Облигациялардын баасы 1000 сомду түздү.

Белгилеп кетсек, жашыл облигациялар экологиялык долбоорлорду жана экологиялык абалды жакшыртуу багыттарын каржылоону билдирет. Алар азыр Кыргызстандын өкмөтү көңүл буруп жаткан жашыл экономиканын ажырагыс бөлүгү.