Баасы 23,3 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

18 октября 2022, 09:20

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында 23 миллион 270 миң сомдук жер тилкелери кайтарылды. Буга чейин аймак Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна тиешелүү болгон. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2007-жылы Бишкек мэриясынын Ленин райондук администрациясынын мурдагы кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке жарандарга жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп беришкени аныкталган.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө айрым жарандардын мыйзамсыз берилген жер тилкелерине болгон мүлктүк укуктары токтотулуп, жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди УКМК.