Ош шаардык мэриясына 29 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды

6 декабря 2022, 11:16

Ош шаарынын мэриясына 29 миллион сомдук жер тилкеси  кайтарылып, мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын прокуратурасы жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзгөн. 

“Текшерүү учурунда 2021-жылы Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери тарабынан Ж.С.га көп кабаттуу үй куруу үчүн жер тилкеси мыйзамсыз берилгени аныкталды”, - деп айтылат маалыматта. 

Бул факты боюнча мэриянын кызматкерлерине “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, Ош шаарынын мэрине буйрук берилип, жыйынтыгында аталган жер тилкеси Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылды.