Токмокто 309 млн сомдук өнөр жай багытындагы жерлер мамлекетке кайтарылды

3 апреля 2023, 10:31

Токмок шаарында 309 млн сомдук өнөр жайы багытындагы жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 31,6 га өнөр жайы багытындагы жер тилкелерине карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчиккке өткөрүлбөй калгандыгы аныкталган.

Натыйжада жол берилген мыйзам бузууларга карата прокурордук акты келтирилип, жерлер Токмок шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды.