Кыргыз зергерчилигин колдоо керекпи?

17 июля 2019, 09:44

Учурда зергерчиликти өнүктүрүү  боюнча өкмөт концепция кабыл алды.  Ага ылайык 2019-2020-жылдары жумуш орундарын түзүп, атаандаштыкты күчөтүү менен зергерчиликтин көлөмүн көбөйтүү  каралууда. Бул тууралуу  өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Концепцияга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Эми бул концепцияга ылайык 2020-жылга чейин ата мекендик зергерчилер алтын менен күмүштүн өндүрүмүн 1 тоннага жеткирүүсү  каралууда. Эгерде зергелер жылына 1 тоннадан баалуу металлды иштетсе анда 2500 адам жаңы жумушчу орун менен камсыз болмок. 

Учурда өкмөт тарабынан төмөндөгү  иштерди  аткаруу каралууда; 

  • – зергерчиликти колдоо боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу;
  • – зергерчиликте атаандаштыкты күчөтүү;
  • – зергерчиликти экспортого шарттарды түзүү;
  • – счийки заттар менен ички жана сырткы рынок аркылуу камсыздоо 

Эскерте кетели, азырынча зергерлер Кыргызстанда өндүрүлгон алтынды дүйнөлүк рыноктогу баада, кээде андан дагы жогорку баада сатып алышат.