Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки талаа госпиталы тапшырылды

25 сентября 2023, 09:40

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки талаа госпиталы тапшырылды. Мобилдик ооруканаларды Кытай кайтарымсыз гранттык негизде берген.

Бир талаа ооруканасы Бишкек шаарына, экинчиси Ош шаарына жайгаштырылат.

Мобилдик госпиталь атайын 19 жол тандабас унаалардын базасында куралган. Анда күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алып, 20га чейин хирургиялык операцияларды жүргүзүүгө, 90 бейтапты жаткызып дарылоого мүмкүнчүлүк бар.