Өзгөн районунда 137,5 млн сомго оорукана курулат

24 мая 2023, 13:00

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл аймагына 60 орундуу оорукана курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, долбоордун сметалык баасы 137 млн. 531 миң 147 сомду түзөт. Тендерди Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.  

Талапка ылайык, оорукана 2024-жылдын 25-октябрына чейин бүткөрүлүшү керек. Тендерди уткан тарап 2021-2022-жылдар аралыгында 80 млн. сомдон кем эмес ишти аткарган болушу керек.