Өзгөн районунун 70 тургуну Кореяда жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алышты

22 апреля 2022, 11:07

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борбору Кореяга айыл чарба тармагында сезондук жумуштарга кыргыз жарандарын уюшкандыкта жалдоо жана ишке орноштуруу жөнүндө келишим түздү.

Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, келишимге кол коюу аземи Чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борбору, Түштүк Кореянын Хамянг шаарынын мэриясы жана Ош облусунун Өзгөн районунун администрациясынын ортосунда онлайн форматта өттү.

Иш-чарага ошондой эле эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаныл Алыбаева катышты.

"Министрлик ошондой эле быйыл Улуу Британияда Кыргызстандын жарандарына миң жумуш орун берүү жөнүндө келишим түздү, биз бул жаатта дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү менен кызматташуубузду мындан ары да өнүктүрүүнү көздөп жатабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, түзүлгөн келишимдин алкагында Өзгөн районунун 70 тургуну Айыл чарба тармагында 5 айга чейинки мөөнөткө ишке орношуу үчүн Кореянын фермаларына барууга мүмкүнчүлүк алышат.