Өзгөндө 37 млн сомго поликлиника курулууда
Өзгөн шаарында курулуп жаткан үч кабаттуу жаңы поликлиника ушул жылдын ноябрь айында бүтөт. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн курула баштаган имарат 2020-жылдын аягында башталган. Буга чейинки поликлиника авариялык абалда болчу.
Жаңы курулуп жаткан үч кабаттуу имаратка шаардагы жалпы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, эски имаратта жайгашкан шаардык стоматология бөлүмү көчүрүлөт.
Оорукана 37 миллион сомго бааланган.