Өзгөндө 39 млн сомго мектеп оңдоп-түзөөдөн өтөт

16 апреля 2024, 14:20

Ош облусунун Өзгөн районунда Мырзаке айылында №3 М. Нурбаев атындагы мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, мектепти оңдоп-түзөөгө 39 млн 275 миң сом жумшалат. Тендерди Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган. 

Оңдоо иштери тараптар келишим түзгөндөн кийин жыл аягына чейин бүткөрүлүшү керек.