Өзгөндө айланма жолдун курулушу башталды

12 января 2024, 13:55

Өзгөндө айланма жолдун курулушу башталды. Район администрациясынан билдиришкендей, долбоордун баасы 2 миллиард 600 миллион сомду түзөт.

Трассанын жалпы узундугу 14 чакырым. Келечекте ал бир тараптуу болуп, ал аркылуу жүрүүдө айдоочулардан төлөм алынат.

Курулуш аймагына турак жайлар кирбейт, бирок айдоо жерлери бар. Бул тилкелердин ээлерине компенсация төлөнөт.