Өзгөндө үч мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылды

30 января 2024, 09:20

Оштун Өзгөн районунда үч мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дарыканалар Өзгөн, Мырза-Аке жана Куршаб жалпы дарыгерлик практика борборлорунда пайда болду. Мында 1 миң 500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15%га арзан сатып алса болот.

Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын саны 58ге жетти. Жалпысынан өлкө боюнча 100 аптека ачуу пландалууда.