Жай мезгилинде Ысык-Көл облусуна 1,3 млн турист келген

4 декабря 2023, 09:45

Жай мезгилинде Ысык-Көл облусуна 1 млн 300 миң турист келген. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлү Эмилбек Абдыкадыров эс алуу үйлөрүнүн ээлери менен болгон жолугушууда айтты. 

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда 1 миң 127 мейманкана бар.

“Туристтердин саны тынымсыз өсүп жатканын көрүп жатабыз. Биздин биргелешкен аракетибиз жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жана туристтердин коопсуздугуна көңүл буруубуз аймактагы туризмди мындан ары да ийгиликтүү өнүктүрүүнүн негизги факторлоруна айланууда”, - деп белгиледи облус жетекчиси.