Жайында Бишкекке 500 автобус алынып келинет

16 марта 2023, 17:30

Жайында Бишкекке 500 автобус алынып келиниши керек. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Бишкек мэриясы Бишкекке 1000 автобусту алып келүү боюнча келишим түздү. 

"Алардын 500ү быйыл келсе, дагы 360ы Азия өнүктүрүү банкы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын насыялары аркылуу келет. Жалпысынан 800дөн ашык автобус болот”, - деп айтылат малыматта. 

Мэр Эмилбек Абдыкадыров транспорт башкармалыгына айдоочуларды кабыл алууну, ошондой эле автобустарга база даярдоону тапшырганын кошумчалады.

“Эски автобустар азыр чоң жерди ээлейт. Аларды эсептен чыгарыш керек, жерди бошотуш керек, даяр автобаза болушу керек. Тапшырма бердим”, - деди ал.