Жалал-Абад: Элдин электр энергияга карызы 44 млн сомдон ашты

14 сентября 2021, 11:20

Жалал-Абад шаарында элдин электр энергиясына болгон карызы 44 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу “Акчабарга” “Жалалабатэлектро” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан 1-сентябрга чейин Жалал-Абад шаарындагы коммерциялык ишканалар жана калктын электр энергияга карызы жалпысынан 76 миллион сомду түзгөн. Анын ичинен элдин карызы 44 миллион сом.

Карыз боюнча сегиз айдын ичинде 314 абоненттин иши сотко өткөрүлүп, анын ичинен 181 абоненттин иши соттун чечими менен "Жалалабатэлектро" ААКнын пайдасына чечилген.