Жалал-Абад: майыптыгы бар адамдарга күнөскана ачылды

27 августа 2021, 17:30

Жалал-Абад шаарындагы майыптыгы бар адамдарды жумуш менен камсыздоо максатында күнөскана ачылды. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги майыптыгы бар жарандарга жардам көрсөтүү максатында долбоор жазууга сынак жарыялаган. Анын негизинде коомду фонддордун бири сынактан утуп алып, учурда майыптыгы бар 20дан ашык адамдын гүл өстүрүү менен алектенүүсүнө шарт түзүлдү.

Өстүрүлгөн гүлдөр сатууга чыгарылат. Андан түшкөн каражат аярлуу катмардагы адамдардын жумуш орундарын кеңейтүүгө, материалдык абалын чыңдоого жумшалат.

Маалым болгондой, облуста 40 миңден ашуун майыптыгы бар жаран бар.