Жалал-Абад шаардык “Тазалык” ишканасына техникаларды сатып алууга 18 млн сом жумшалды

7 марта 2022, 12:43

Жалал-Абад шаардык “Тазалык” муниципалдык ишканасына 18 млн сомго таштанды ташуучу үч атайын заманбап техникалар алынып берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы техникаларды сатып алууга жалпы 18 млн 150 миң сом акча каражаты жумшалган.

“Бул каражаттын 12 млн 150 миң сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан, калган сумма жергиликтүү бюджеттен каржыланган”,- деп айтылат билдирүүдө.