Жалал-Абад шаарында 97 млн сомго бала бакча курулууда

5 июня 2023, 11:33

Жалал-Абад шаарынын Чынгыз Айтматов атындагы аймактык башкаруусунда 150 орунга ылайыкталган эки кабаттуу бала бакча курулуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бала бакчанын сметалык баасы 97 млн. сомду түзөт. 

Курулуш республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн 2 млрд. сом каражаттын эсебинен каржыланууда.

Белгилей кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында 26 муниципалдык бала бакча бар.