Жалал-Абад шаарында «Rest Point» пункту ачылды

20 ноября 2023, 17:15

Бүгүн Жалал-Абад шаарында туристтер жана саякатчылар үчүн эс алуу, маалымат алуу, ошондой эле гаджеттерди же электр унаасын кубаттоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн жай ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди. 

Мында туристтер тыныгып, кофе ичип же душка түшсө болот. Заманбап “Rest Point” түйүнүн куруу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан каржыланды. 

“Rest Point” пунктунда туристтерге Кыргызстан жөнүндө бардык маалыматты камтыган дисплей болот, анын ичинде туристтик жайлардын багыттары, эс алуу аймактары, жакын жердеги кызыктуу жерлер, алдыңкы мейманкана, тамактануучу жайлар жөнүндө маалыматтар болот.

Кошумчалай кетсек, мында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да бардык шарттар түзүлгөн. Алар үчүн өзүнчө даараткана кабинасы бар. “Rest Point” жыл бою иштейт. 
Кыргызстанда жалпысынан мындай жайлардан 68ди ачуу пландалган.