Жалал-Абад: Шаурмага ууланган 22 адам ооруканага түштү

30 июня 2022, 10:35

Жалал-Абад шаарында шаурмага массалык уулануу катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда 22 адам ооруканага жаткырылды.

Бир бейтаптын абалы оор деп бааланууда.

Маалым болгондой, алар шаурма жеген. Учурда Санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүдө.