Жалал-Абад: «Тазалык ишканасы» 7,4 млн сомго жаңы техника алды

17 сентября 2021, 14:10

"Жалал-Абад Тазалык" муниципалдык мекемесине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7,4 миллион сомго жаңы таштанды жыйноочу автоунаа сатылып алынды. Бул тууралуу "Акчабарга" аталган ишканадан билдиришти.

“Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бизге бир техника берилди. Ишканадагы таштанды төгүүчү автоунаалардын көбүнүн эскилиги жеткен. Мындан улам Жалал-Абад облусунун фондуна долбоор жазганбыз”, - деди мекеменин жетекчиси Айбек Жолдошев.

“Жалал-Абад Тазалык” ишканасында жалпысынан 15 таштанды чогултуучу техника бар. Анын ичинен тогузу ишке жарамдуу.