Жалал-Абадда 133 млн сомго таштанды ылгоочу ишкана курулат

18 октября 2023, 10:50

Жалал-Абад шаарында таштанды жайынын аймагында таштанды ылгоочу ишкана салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына таянып “Reporter.kg” билдирди. 

Маалыматка ылайык, сынак шаардык мэриянын Капиталдык курулуш департаменти тарабынан жарыяланып, ишкананын курулушуна 133 млн 400 миң сом каралары белгиленген. 

Сынак боюнча арыздар 31-октябрга чейин кабыл алынат. 

Келишим түзүлгөндөн кийин сынакты жеңип чыккан компания 210 күндүн ичинде таштанды ылгоочу ишкананын курулушун бүтүрүшү керек.