Жалал-Абадда 28 млн сомго гүл бакча салынат

4 мая 2023, 10:26

Жалал-Абад шаарында гүл бакча салууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.  

Тендер боюнча арыздар 22-майга чейин кабыл алынат.

“Гүл бакча салууга 28 млн. 289,1 миң сом каралууда. Ал шаардын Ленин көчөсүндө жайгашат”, - деп айтылат маалыматта.

Гүл бакча келишим түзүлгөндөн кийин 90 күн ичинде бүткөрүлүшү керек.