Жалал-Абадда 3 млн 200 миң сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

2 февраля 2022, 18:20

Жалал-Абад облусунда 3 млн 195 миң сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук прокуратурасы Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысын аныктады. Ага ылайык, айыл өкмөттүн 2007-жылдагы токтому менен муниципалдык менчиктеги 0,24 га жерди ээлеген гараж жеке менчикке берилип кеткени белгилүү болду.

Натыйжада, кыймылсыз мүлк мэриянын менчигине кайтарылды.