Жалал-Абадда 65 млн сомдон ашык каражатка IT-борбор курулат

19 апреля 2023, 11:30

Жалал-Абадда IT-борбор куруу пландалууда. Капиталдык курулуш департаменти анын имаратын курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендердин суммасы 65 млн 363 миң 22 сомду түзөт.

Объектти муниципалдык жер тилкеге куруу пландалууда.