Жалал-Абадда беш электробус каттамга чыгууда

26 февраля 2024, 09:25

Жалал-Абадда беш электробус каттамга чыгууда.

Жергиликтүү мэриянын маалыматына караганда, бул автобустар 26 орунга ылайыкталган жана бир жолку электр кубаты 250 чакырымга чейин жетет.

Белгиленгендей, дагы беш электробус жакынкы күндөрү келет.

Он автобус үчүн 118,5 миллион сом жумшалган. Каражаттын 100 миллион сому республикалык бюджеттен бөлүнгөн.