Жалал-Абадда Футбол академиясы курулат

19 января 2023, 15:01

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абадга болгон иш сапарынын алкагында Футбол академиясы курулуучу жерде болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Долбоордун алкагында эки футбол аянтчасы, жатакана, кийим алмаштыруучу жайлары бар трибуна, машыгуу залы курулат.

“Мындай долбоорлор ар бир облуста ишке ашырылышы керек. Спорт менен машыгуу өсүп келе жаткан муундун кулк-мүнөзүн тарбиялап, эркин бекемдеп, ден соолугун чыңдайт”,-деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Белгилей кетсек, бул долбоорго канча каражат жумшалаары айтылган жок.