Жалал-Абадда гараждардын ордуна ипотекалык үйлөр салынат

5 мая 2023, 12:00

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы Манас көчөсүндө жайгашкан муниципалдык жердеги гараждар буздурулуп жатат. Гараждарды мэрия буздурууда. 

Маалыматка ылайык, мэрия муниципалдык жердеги унаа токтотуучу жайлардын ээлерине жерди бошотуу керектигин эскерткен. 

“Бирок, жарандар эскертүүлөргө баш ийген эмес. Аталган жердин жалпы аянты 1,07 гектарды түзөт. Жалал-Абад шаардык мэриясы мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте бул жайга 200 батирлүү көп кабаттуу үй курууну пландап жатат”, - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, аталган жайда 277 гараж бар. Алардын ээлери гараждары муниципалдык жерде тургандыгы үчүн, ушул мезгилге чейин ижара акы төлөгөн эмес.