Жалал-Абадда кайра жаралуучу энергия боюнча бизнес-форум өтөт

11 мая 2023, 13:30

Ушул айдын 30-31-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү - Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү" аталышында Эл аралык бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ага өлкөдөгү дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктун, академиялык институттардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик башчылары жана бардык кызыктар тараптар катышат. 

Иш-чаранын максаты Жалал-Абад облусундагы энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу, туризмди өнүктүрүү, инвесторлордун конструктивдүү диалогу үчүн заманбап аянтчаларды уюштуруу болуп саналат.