Жалал-Абадда кайра жаралуучу энергия булактары боюнча форум өтүүдө

31 мая 2023, 13:52

Жалал-Абадда туристттик ишкерлер арасында жашыл энергоэффективдүү технологияларды илгерилетүү, жагымдуу экосистеманы түзүү боюнча форум өтүүдө. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Ага эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулук, академиялык институттар жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Форумдун алдында ишкерлер энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы өз өнүмдөрүн сунуштаган көргөзмө өттү. Көргөзмө форумдун катышуучуларына экологиялык таза өнүгүүгө өбөлгө түзгөн инновациялык чечимдер жана технологиялар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди.

"Форумдун негизги милдеттеринин бири туризм секторунда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, жайылтуу максатында кызматташуу жана бардык кызыктар тараптарды бириктирүү үчүн платформа түзүү. Ошондой эле, Кыргызстанда ишкердик климат тууралуу жалпы маалымдуулукту жогорулатуу жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана инвестициялык коомчулуктун кызыгуусун өлкөдөгү потенциалдуу инвестициялык келечекке тартууга умтулуу",- деп белгиледи Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев.