Жалал-Абадда карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

30 января 2023, 15:00

Жалал-Абад ОИИБи жарандарды карактоо менен алектенген кылмыштуу топту колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кылмыштуу топ Жалал-абад облусунда акча карактоо, алдамчылык жана талап-тоноо иштери менен алектенип келген.

Аталган кылмыштуу топ Ала-Бука районунун тургунун (Ш.К.) коркутуп, денесине жаракат келтирип 50 миң сомун тартып алган. Ошондой эле, дагы бир жарандын 200 АКШ долларын жана 5000 сомун алып кетип, кийин дагы акча алып турушкан.

“Жалал-Абад областтык милициясынын кызматкерлери кылмышка шектүү жарандарды колго түшүрдү. Оор кылмышка шектүү жарандар Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу жайына киргизилип, учурда иликтөө иштери уланууда”, - деп айтылат маалыматта.