Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган миңден ашык үй-бүлө көчүрүлөт

12 февраля 2024, 17:10

Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган үй-бүлөлөргө көчүп чыгуу боюнча эскертүү нускамалар берилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын район шаардык бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери жана жергиликтүү көчүрүү комиссиясы менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүп, кооптуу аймактан биротоло көчүп чыгуу керек экендиги эскертилүүдө. 

“Облус аймагында 1074 үй-бүлө кооптуу аймакта күнүмдүк тиричилигин улантып келишүүдө, бул үй-бүлөлөрдүн басымдуу бөлүгү Сузак районунда жайгашкан”, - деп айтылат маалыматта.