Жалал-Абадда курула турган төрөт үйүнө ишкерлер 270 млн сом беришти

7 марта 2023, 10:10

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 75 орунга ылайыкташылган заманбап төрөт үйү курулат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кечээ 6-мартта заманбап төрөт үйүнө капсула салуу аземи өттү. Ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. 

“Жеке ишкерлер 270 миллион сом акча каражат бөлүштү. Жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын бөлүп берди.  Курулуш иштерин ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механикалаштырылган базасы колго алды. Төрөт үйдү ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда”, - деп айтылат маалыматта.