Жалал-Абадда маркумду жерге берүүдө мал союуга айып салынат

26 февраля 2024, 15:55

Жалал-Абад шаардык мэриясы ысырапкорчулуктун алдын алуу максатында жарандарга маркумду жерге берүүдө мал-жандыктардын союлбашын эскертти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди. 

Белгиленгендей, эскертүүгө баш ийбеген жарандарга карата айып салынат. 

Мэрия жарандарды ысырапкорчулуктан алыс болууга чакырат.