Жалал-Абадда мектептин кошумча имаратын курууга 59 млн сом жумшалды

25 декабря 2023, 15:53

Жалал-Абад шаарында №1 Бабкин атындагы орто мектептин 375 орундуу жаңы корпусу ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, быйыл 130га жакын  мектеп, анын ичинен Жалал-Абад облусунда 28 мектептин имараты курулуп,  пайдаланууга берилди.  

“Бабкин атындагы мектептин кошумча имаратын куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 59 млн 308 миң сом сарпталды”, - деп айтылат маалыматта.