Жалал-Абаддагы ички жолдорду оңдоого 15 млн сомдон ашык акча бөлүндү

16 августа 2021, 12:00

Жалал-Абад шаарындагы ички жолдорду оңдоого жергиликтүү бюджеттен 15 миллион 980 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу “Акчабарга” Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгынан билдиришти.

“Учурда Жалал-Абад шаарындагы Островский көчөсүндөгү 655 метр жол асфальтталууда. Мындан сырткары жолдорду жамоого быйыл 15 миллион сом бөлүнүп, 25 миң чарчы метр жер оңдолот”,- деди жолдор башкармалыгынын башкы инженери Муса Бердикулов.

Мындан тышкары, шаардагы аймактык башкармалыктарга караган айылдардагы жолдорду шагылдоо иштерине 6 миллион 185 миң сом бөлүнгөн.